KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди: судьялардын саны Президенттин жарлыгы менен бекитилет

26 сентября 2025

2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.


Кабыл алынган документ судьяларга болгон жогорку жүктү чечүүгө багытталган жана сот системасындагы өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтарууну камсыз кылат. Жаңы мыйзамга ылайык, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын аныктоо Судьялар кеңешинин сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен аныцкталат.


Мыйзамды кабыл алуунун негизги себеби соттук жүктүн кескин көбөйүшү болду: акыркы беш жылда биринчи инстанциядагы соттордогу иштердин саны эки эсеге көбөйдү — 2020-жылы 125 285тен 2024-жылы 251 062ге чейин. Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым сотторунда бир судьяга жүктөм айына 70-90 ишке жетет, ал эми белгиленген норма 20 иш, бул иштерди кароонун натыйжалуулугуна жана процессуалдык мөөнөттөрдүн сакталышына терс таасирин тийгизет.


Кошумча фактор административдик-аймактык реформанын жүргүзүлүшү болду. Бишкек шаарынын курамына Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айыл аймактары жана айылдары киргизилип, бул шаардык сотторго келип түшкөн иштердин көлөмүн бир топ көбөйттү. Бирок мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен соттор арасында штаттык бирдиктерди кайра бөлүштүрүү мүмкүн болгон жок, бул көйгөйдү өз убагында чечүүгө тоскоол болду.


Мыйзамды кабыл алуу сотторго болгон актуалдуу жүктөмгө жараша судьялардын санын ийкемдүү жана өз убагында кайра бөлүштүрүүгө, сот адилеттигинин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле мөөнөттөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...