Бүгүн, 2024-жылдын 20-декабрында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда Судьялар кеңешинин 2022-жылдын 13-майындагы жана 2023-жылдын 31-мартындагы чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баа берүүнүн тартиби жөнүндө Жобого жана кесиптик баа берүүнүн критерийлерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Ошондой эле судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча техникалык тапшырма бекитилип, аны андан ары ишке ашыруу үчүн «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесине жөнөтүлдү.