KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинде судьялардын жоопкерчилигинин жагдайларын баалоо критерийлери талкууланды

27 марта 2026

2026-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевдин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматованын, ошондой эле Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө судьяларды кылмыштык жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу жагдайларын баалоого байланышкан актуалдуу маселелер, ошондой эле сот бийлигинин көз карандысыздыгы принциптери менен мыйзамдуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуунун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо маселелери талкууланды.


Эмиль Осконбаев баяндама жасап, судьяларды жоопкерчиликке тартууга негиз болгон жагдайларды баалоонун укуктук ыкмаларына жана критерийлерине кеңири токтолду. Ал өз сөзүндө судьялардын көз карандысыздыгынын конституциялык кепилдиктерин так сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ошол эле учурда тиешелүү жол-жоболордун ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.


Тегерек столдун катышуучулары тартиптик чаралар өндүрүшүн жана судьяларды кылмыштык куугунтуктоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча, ошондой эле тиешелүү жагдайларды баалоодо бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу маселелерин талкуулап, пикир алышты.


Талкуунун жыйынтыгында сот тутумунун көз карандысыздыгын коргоого багытталган укуктук негиздерди мындан ары да чыңдоо, ошол эле учурда анын ачыктыгын жана коом алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...