KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Сот департаментинин жаңы директорун дайындоого Судьялар кеңеши макулдугун берди

30 сентября 2025

2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференц байланыш аркылуу болуп өттү, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселе боюнча чечим кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун карады.


Жыйында Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Курманалиев Бакыт Сабырбековичке анын эмгек жолу, мурдагы иш тажрыйбасы жана ээлеген кызматтары тууралуу суроолорду беришти. Талкуунун жүрүшүндө талапкердин кесипкөйлүк деңгээлине жана жетекчилик жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.Мындан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү Бакыт Курманалиевге жаңы, жооптуу кызматындагы ишине ийгилик каалап, өз милдеттерин так, кынтыксыз жана мыйзамдын алкагында адилеттүү аткарууга багытталган каалоо-тилектерин билдиришти.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Курманалиев Бакыт Сабырбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берилди. Сот департаментинин директорун дайындоо «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык жүргүзүлдү, ага ылайык Сот департаментинин директору кызматка Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.


Белгилей кетсек, Судьялар кеңешинин жыйналышы Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда же видеоконференц байланыш аркылуу өткөрүлөт. Кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу аталган Регламентте белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...