KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши сот органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу отчетторду жана сот тутумунун 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын укту

27 марта 2026

2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышы тууралуу маалыматы угулуп, эске алынды.


Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчеттору жана аталган жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматтары угулду. Берилген эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун аталган органдарынын отчеттору кабыл алынды.


Мындан сырткары, Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарын эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө чейин компенсациялоого макулдук берилди.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Айзада Бокоева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркин Токтомамбетов, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, директордун орун басарлары Канатбек Осмонов жана Аида Осмонбекова, ошондой эле сот органдарынын башка жооптуу кызматкерлери катышышты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...