Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши 2025-жылдын 11-апрелинде өткөн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемесинин 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторун укту.
Жыйындын жүрүшүндө отчёттор талкууланып, сунуштар жана сын-пикирлер эске алынып, жыйынтыгында аталган мекемелердин отчёттору кабыл алынды.
Ошондой эле, Сот департаменти тарабынан жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча 2025-жылга пландалган иштер жөнүндө кыскача маалымат берилди.
Ушул маалыматтарды эске алуу менен, Судьялар кеңеши Сот департаментине төмөнкү негизги тапшырмаларды берди:
- Жергиликтүү сот имараттарын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин ыкчамдатуу;
- Сот актыларынын аткарылышын жакшыртуу жана бул багыттагы көрсөткүчтөрдү жогорулатуу;
- Санариптик технологияларды кеңири колдонуу аркылуу сот системасын модернизациялоону улантуу;
- Жарандар үчүн соттук кызматтарга жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Судьялар кеңеши ошондой эле 2025-жылы сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана заманбап маалыматтык системаларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тиешелүү бөлүгүндө сот тутумунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө Сот департаментинин отчетун угат; Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жетекчилеринин өз ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетторун угат.
Мындан тышкары, Судьялар кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары болуп шайланган Б.Т. Усубалиевдин — Ош облусунун Ош шаардык сотундагы, жана Н.К. Эсеналиевдин — Бишкек шаардык сотундагы судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү чечимин кабыл алды.