KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши отставкадагы судья Базаркулов Камельдин Кушубекович дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

04 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши өзүнүн өмүрүн мыйзамга, сот адилеттигине жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган отставкадагы судья, эмгек сиңирген юрист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Камельдин Кушубекович Базаркуловдун каза болгондугуна байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Камельдин Кушубекович 1957-жылдын 2-мартында Талас облусунун Талас районундагы Копре-Базар айылында туулган. Ал үлгүлүү үй-бүлө башчысы, жубайына камкор, төрт баланын атасы болгон.


1978–1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин (СССРдин 50 жылдыгы атындагы) юридикалык факультетин бүтүрүп, юриспруденция адистиги боюнча жогорку билим алган. Эмгек жолун жумушчу кесиптен баштап, өмүрүнүн кырк жылдан ашуун бөлүгүн мыйзамдуулукка, мамлекетке жана коомго кызмат кылууга арнаган.


Камельдин Кушубековичтин кесиптик ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, прокуратура жана сот тутуму менен тыгыз байланышта болгон. Ал тергөөчүдөн тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясына чейин жооптуу кызматтарды аркалап келген, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген жана судьялык кызматынан ардактуу эс алууга чыккан.


Ошондой эле ал «Түндүкэлектро» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун юридикалык бөлүмдөрүнүн жетекчиси жана кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү болгон.


Камельдин Кушубекович жогорку кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, адилеттүүлүгү жана кызматтык милдетине берилгендиги менен айырмаланып, кесиптештеринин арасында зор кадыр-баркка ээ болгон. Ал өзүнүн кесиптик деңгээлин тынымсыз жогорулатып, республикалык жана эл аралык квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн.


Мыйзамдуулукту чыңдоого жана сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ал бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде ИИМдин «Мыктылар үчүн кызматы үчүн» төш белгисине, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарына татыган, ошондой эле Осмонкулов айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон. Милициянын подполковниги класстык чинине ээси эле.


Отставкадагы судья Камельдин Кушубекович Базаркуловдун жаркын элеси, мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө арналган өмүр жолу аны билген бардык адамдардын эсинде түбөлүккө сакталат.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...