2025-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясы Алиев Авчи Мустафаевичтин ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызматынан судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арызын канааттандырды. Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Бишкек шаардык сотунун судьясы А.М. Алиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди.
Судьялар кеңеши сот тутумунун 2026-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга болжолун угуп чыгып, өзүнүн чечими менен сот тутумунун 2026-жылга карата бюджетинин консолидацияланган долбоорун тиркемеге ылайык бекитти жана 2027-2028-жылдарга болжолду жактырды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Суд департаментинин директору жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору катышты.
Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча эки календардык жылдан ашпаган чыгымдарды компенсациялоого макулдук берди.