2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды.
Атап айтканда:
- У.Т. Искаков жана А.Т. Искакова тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.М.Э.га карата берилген даттануусу каралып, Судьялар кеңеши тарабынан алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду;
- Нарын облусунун прокурору А.К.Кубатидиновдун Нарын облусунун Административдик сотунун судьясы Д.Г.Ы.га карата киргизген сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;
- Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын Чаткал райондук сотунун судьясы К.К.О.га карата жеке аныктамасы каралып, тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартылды;
- А.А.Кангельдиеванын өкүлү М. Феликстин Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы А.У.А.га карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
- Г.Н. Абдинасированын Бишкек шаардык сотунун судьялары А.З.И., Б.Л.А. жана М.У.Т. карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
- М.М. Каракозуеванын Ош шаардык сотунун судьясы Ш.А.Ч.га карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
- А.С. Кайымовдун Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Н. у. П. карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К. Асаналиев тарабынан Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы С.Д.С.ны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү, 346-беренесинин 1-бөлүгү жана 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасы каралды.
Судьялар кеңеши сунуштаманы жана тиркелген материалдарды карап чыгып, Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды жана Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы С.Д.С.га карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду.
Кыргыз Республикасынын Президентине жогоруда көрсөтүлгөн судьянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунуштама киргизилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К. Асаналиев тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.ны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасы каралды.
Судьялар кеңеши сунуштаманы жана тиркелген материалдарды карап чыгып, Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандырып, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
