Бүгүн, 2026-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши кезектеги жыйынында баяндамаларды угуп жана Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык:
- адвокат М.Ж. Жумабековдун Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Д.Н.Т.га карата даттануу арызы каралып канааттандырылды, Судьялар кеңеши тарабынан аталган судьяга карата эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду;
- А. Аджиходжаеванын өкүлүнүн Бишкек шаардык сотунун судьялары Ч.А.М., Б.М.Т. жана Д.Б.Б.га карата арызы канааттандыруудан баш тартылды;
- Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы А.Н.М. жана Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы Ж.Б.М.га тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө арыздары канааттандырылды;
- Чүй облустук сотунун төрагасынын Чүй облусунун судьялары: Панфилов райондук сотунун Ш.Р.А., Токмок шаардык сотунун М.Ш.Т., Ысык-Ата райондук сотунун Т.Н.Р. жана А.О.С., Жайыл райондук сотунун К.Ш.Т., ошондой эле Аламүдүн райондук сотунун С.М.Р.га тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунушун кароо Судьялар кеңешинин кийинки жыйынына жылдырылды.
Ошондой эле Судьялар кеңеши сот тутумунун 2027-жылга карата бюджетинин долбоорлорун жана 2028–2029-жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрүн укту. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2027-жылга карата консолидацияланган бюджет долбоору тиркемеге ылайык бекитилди, жана 2028–2029-жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрү жактырылды.
Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине сервердик жабдууларды жана маалыматтарды сактоо тутумун сатып алууга каралган 134 282,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарынын калдыгынын максаттуу багытын өзгөртүүгө, аларды бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында компьютердик жабдууларды сатып алууга багыттоого макулдук берди.
Ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларына турак-жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берүү тууралуу чечими кабыл алынды.
