Бүгүн, 2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференц байланыш форматында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп, негизги көрсөткүчтөрдү талкуулашып, аны эске алуу менен кабыл алышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламентинин 5-главасына ылайык, жыйындар Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен офлайн форматта да, видеоконференц-байланыш аркылуу да өткөрүлүшү мүмкүн. Маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
