KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши кезексиз жыйын өткөрүп, бир катар чечимдерди кабыл алды

26 ноября 2025

2025-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин видеоконференция байланыш форматында кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


Жыйындын жүрүшүндө  Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.Сатыевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорун кызматтан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун карады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 31-октябрындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды.


Биринчи маселе боюнча  Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору А.М.Базаралиеваны ээлеген кызмат ордунан өз каалосу менен бошотууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорун кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан жүргүзүлөт.  Экинчи маселе боюнча Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун Сот департаменти жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 31-октябрындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун канааттандырды.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламентинин 5-главасына ылайык, жыйындар кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусу менен жана (же) видеоконференция байланышы аркылуу өткөрүлөт. Маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...