Бүгүн, 2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши кезектеги жыйынында баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап бир катар чечимдерди кабыл алды.
Отурумдун жүрүшүндө Тартип комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары А.М, Н.Э, Б. У боюнча каралып, аталган материалдар Тартип комиссиясына кайра кароого жөнөтүлдү.
Ал эми Каракол шаардык сотунун судьясы К.Н.К.га карата берилген алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза алынып салынды.
Ошондой эле Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө маселени карады. Эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен Жогорку соттун Аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы тиркемелерге ылайык бекитилди.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы К.А. Дуйшеевдин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2026-жылдын 20-июнунда аяктай тургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине, анын судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу чечими кабыл алынды.
Ал эми ар түрдүү маселелерди талкуу учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Судьялар кеңешинин мүчөлөрү үчүн жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча окутууларды өткөрүү пландалды.
