KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши күн тартибиндеги маселелер боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды

17 апреля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө бир катар актуалдуу маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


Атап айтканда, Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизди.


Ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларына турак-жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берүү тууралуу чечими кабыл алынды.


Судьяларды тандоо жол-жоболорун өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйында Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөөгө арналган суроолордун тизмесин бекитүү маселеси каралды. Конституциялык соттун судьясы, тесттик тапшырмаларды инвентаризациялоо жана талдоо боюнча жумушчу топтун төрайымы Лунара Жолдошева билдиргендей, жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында 21 категория боюнча бөлүштүрүлгөн 4400дөн ашык тесттик суроолор актуалдаштырылып, даярдалган. Судьялар кеңешинин чечими менен аталган суроолордун тизмеси бекитилди.


Мындан тышкары, Берюева Анаркуль Декановнанын жана Садыков Эрмек Эрковичтин отставкадагы судья статусун берүү жана отставкадагы судьянын статусун тастыктаган документти берүү тууралуу арыздары канааттандырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...