2026-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференцбайланыш форматында болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Судьялар кеңеши “Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо” Автоматташтырылган маалыматтык тутумун тажрыйбалык пайдаланууну аяктоо жөнүндө чечим кабыл алды. Ошондой эле 2026-жылдын 22-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин пайдалануусу үчүн системаны өндүрүштө пайдаланууга киргизүүгө макулдук берилди.
Кабыл алынган чечимге ылайык “Түндүк” ААК “Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо” Автоматташтырылган маалыматтык тутумун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин балансына өткөрүп берүү тапшырылды. Мындан тышкары, “Түндүк” ачык акционердик коомуна системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана анын киберкоопсуздугун коргоо боюнча чаралар жүктөлдү.
Судьялар кеңешинин кийинки чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Нарын облустук сотунун судьясы Нарынбаев Таштанбек Пахировичтин ыйгарым укуктары 2026-жылдын 5-августунда судья кызматында болуунун белгиленген эң жогорку жаш курагына жеткендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди.
Ошондой эле Нарынбаев Таштанбек Пахирович судьялык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин «Сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
