Бүгүн, 2024-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматына Сатыев Медербек Асанбековичтин талапкерлиги каралды.
Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматына Сатыев Медербек Асанбековичтин талапкерлигин бир добуштан колдошту.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-бер. 4-бөл., 5-п. ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордуна дайындайт.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-бер., 3-бөл., 2-п. ылайык Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоо үчүн Президент тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.