KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундуларынын негизинде бир катар чечимдерди кабыл алды

27 февраля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 27- февралында,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:


— Бишкек шаарынын прокурору К. Насиповдун Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы С.Ж.А. карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;


— Бишкек шаарынын прокуратурасынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Т.Т.С.карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Чүй облустук сотунун судьялары М.Т.А., В.И.Н., А.А.А.га карата жеке аныктамасын карап чыгып, аталган судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартылды;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун судьясы С. уулу А., Баткен облустук сотунун судьялары Б.Ж.М., К.Н.Т., И.Б.М.га карата жеке аныктамасын карап чыгып, аталган судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартылды.


Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К. Асаналиевдин Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы С.Д.С. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушун кароо Судьялар кеңешинин кийинки отурумуна жылдырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...