Бүгүн, 2025-жылдын 13 июнунда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:
— Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.ни кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасы канааттандырылды;
— Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы А. Г. А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасы канааттандырылды;
— Чүй облусунун прокуратурасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы К.А.А., Чүй облустук сотунун судьялары А.Т.К., Г.И.В. жана Ч.А.А. карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;
— Бишкек шаарынын прокуратурасынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.А.Б. карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;
— И.С.Сайтбурханын. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Т.Г.Р. карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
— У.Ю.Индикеевдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Т.Т.А. карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
— М.Божокоевдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун мурдагы төрагасы, азыркы Жайыл райондук сотунун судьясы К.А.Ж. тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартылды. Бирок ошол эле учурда Биринчи май райондук сотуна аталган соттун бөлүм башчысын тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу кат жөнөтүлдү.
— «Азия Банкы» ЖАКтын Башкармалыгынын төрагасы З.А.Атакишиевдин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Д.Д.Д. га карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды.