KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүүнүн 2027–2030-жылдарга карата мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорун коомдук талкууга чыгарат

31 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүүнүн боюнча 2027–2030-жылдарга карата Мамлекеттик максаттуу программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы чечиминин негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга багытталган. Аталган программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы №178 Жарлыгы менен бекитилген. Программа мамлекеттин жаңы муундагы сот тутумун — көз карандысыз, кесипкөй, технологиялык жактан өнүккөн жана жарандарга багытталган сот тутумунун түзүүгө болгон стратегиялык умтулуусун чагылдырат.


Программанын негизги максаты санариптик соттун концепциясын киргизүү болуп саналат, бул заманбап инфраструктураны түзүүнү, инновациялык технологияларды өнүктүрүүнү, негизги процесстерди электрондук форматка которууну жана жарандардын жашаган аймагына карабастан адилеттүүлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну билдирет.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши бул долбоор менен таанышууну жана 2026-жылдын 26-январына чейин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин sovetkg@inbox.ru электрондук дарегине өз сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди жөнөтүүнү суранат.


ПРОЕКТ Государственной целевой программы развития судебной системы Кыргызской Республики на 2027-2030 годы


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...