KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Таалайбек Абыкеевдин атасынын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтууда

03 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Абыкеев Талайбек Капаровичтин атасы — Абыкеев Капар Сатыбалдиевич мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Абыкеев Капар Сатыбалдиевич 1952-жылдын 18-февралында Талас облусунун Кара-Суу айылында туулган. Ошол жерде өсүп-өнүп, өмүрүнүн негизги бөлүгүн эмгекке жана жаш муундарды окутуп-тарбиялоого арнаган.


Кесиби боюнча эмгек жолун 1974-жылы Талас районундагы №6 СПТУда өндүрүштүк окутуунун чебери болуп баштаган. Кийинки жылдары кесиптик окуу жайларда ар кандай жооптуу кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеп, билим берүү тармагына олуттуу салым кошкон.


1986–1988-жылдары Афганистан Республикасында кесиптик окуу жайларда кеңешчи болуп иштеп, эл аралык деңгээлде тажрыйба топтогон.


Эмгек жолунун акыркы жылдарында Талас районунун Ак-Сай айылындагы №110 кесиптик лицейинин директору кызматын аркалап, 2023-жылы ардактуу эс алууга чыккан.


Узак жылдык ак ниет эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук   сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде:



  • «СССРдин профтехбилим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси;

  • 1988-жылы — «Благодарный Афганский народ» медалы;

  • 1999-жылы — Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Башкармалыктын грамотасы;

  • 2005-жылы — Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Ардак грамотасы;

  • 2014-жылы — Россиялык Афганистан ардагерлер союзунун «Орден за заслуги» ордени жана башка көптөгөн сыйлыктар.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...