KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Абдуллаев Болотбек Абдырахмановичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

07 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Абдуллаев Болотбек Абдырахмановичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтат.


Абдуллаев Болотбек Абдырахманович 1976-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылында төрөлгөн.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдагы Жарлыгы менен биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жөнөтүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдагы Жарлыгы менен жергиликтүү соттун судьясы болуп чектүү жаш курагына жеткенге чейин дайындалган.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдагы Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна которулуп, 2025-жылдын март айынан тартып аталган соттун төрагасы кызматын аркалап келген.


Судьялар кеңеши Болотбек Абдырахмановичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


 



Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...