2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги төмөнкү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 87 кайрылуусун карап чыгып, берилген материалдарды изилдеп жана сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, өз чечими менен «Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» Автоматташтырылган маалыматтык тутумун комплекстүү өркүндөтүү боюнча Жеке техникалык тапшырманы бекитти.
Кийинки маселе катары Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына киргизүү үчүн жаңы мүчөнүн талапкерлиги каралды. Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясы Маматкеримов Урмат Таалайбековичтин талапкерлигин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү катары бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Жыйынга Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат Жетекчиси Сулайман Мыкыев, Жогорку соттун каржы-чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гүлжан Долдаева жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Урмат Маматкеримов катышты.
