KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши 5 жаңы мүчөсүн шайлады

11 июля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 11-июлунда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн санын 15тен 20га чейин чейин көбөйтүүнү караган Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесине өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу, Судьялар кеңеши Кеңештин резервинен 5 жаңы мүчөсүн шайлады.


Эскерте кетсек, Судьялардын XIII курултайында Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 10-бер. 8-бөл. ылайык Судьялар кеңешинин резерви түзүлгөн.


Ошентип, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы мүчөлөрү болуп төмөнкү судьялар шайланышты:



  1. Байтикова Эльмира Турдакуновна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

  2. Бекешов Тыныбек Рахманбердиевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

  3. Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы;

  4. Эгембердиева Анар Раимжановна – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы;

  5. Саткынбаев Рустам Шайлобекович – Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы.


Андан соң, Судьялар кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Н.А. Мусаевдин Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Калматов Ниязбек Курманбековичти  тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунушу каралды.


Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Н.К.Калматовду судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу тууралуу чечим кабыл алды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...