Бүгүн, 2024-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйынында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н. ди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу каралды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-бер.н 2-бөл. 1, 2-п., 337-бер. 4-бөл. каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.
Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамасын угуп, корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жана жогоруда аталган судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Президентине судьяны ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.