Бүгүн, 2025-жылдын 5-мартында, Энесай мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII Курултайы өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Иш чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген судьялар, Жогорку Кеңештин спикери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, КР Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана сот тутумунун ардагерлери катышышты.
Президент судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди кааларын билдирди. Укуктук мамлекетти өнүктүрүү жана адилеттүүлүктү камсыз кылууда сот бийлиги өбөлгө болорун баса белгиледи. Кыргызстандын сот бийлиги өлкөдө демократиянын негизги таянычы болуп келгенин, мыйзамдуулукту камсыздоо менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, саясий система ичиндеги тең салмактуулукту сактоо аркылуу адилетсиздик менен күрөшүүнүн куралы экенин белгиледи. Ал эзелтен эле эң маанилүү мамлекеттик маселелерди талкуулоо үчүн курултайларды өткөргөндө сот адилеттигинин орду бийик болгонун эске салды. Муундан муунга өтүп келе жаткан абийир-ариет жана адеп-ахлак принциптери азыркы сот системасынын өзөгүн түзгөнүн эске салды. Ошондой эле сот бийлигинин саясий таасирден көз карандысыздыгынын зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жана Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев чыгып сөз сүйлөштү. Съезддин жүрүшүндө Судьялар кеңешинин акыркы үч жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берилди. Анда «2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максатту программасынын аткарылышына көбүрөөк басым жасалды. Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев аталган программаны ишке ашырууну улантуу зарылдыгын белгиледи.