KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны өттү

13 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 13-мартында  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отуруму болуп, анда күн тартиби боюнча чечим кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы Жолбунов Нурбек Болотбековичтин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2025-жылдын 10-мартында аякташына байланыштуу, анын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Белгилей кетсек, 2025-жылдын 13-февралындагы Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин отурумунда Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы кызмат ордуна сынактык тандоого катышуудан баш тартуу тууралуу Н.Б. Жолбуновдун арызы каралып, канааттандырылган.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...