KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп өттү

31 декабря 2024

2024-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отуруму болуп өттү


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2024-жылдын 30-декабрындагы отурумунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы А.Ж.Калыбаевдин түшүндүрмөсү угулду.

Кароонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы Судьялар кеңеши Биринчи май райондук сотунун төрагасына Кеңештин сурамдарына маалымкаттарды берүүдө кечигүү болбошу керектиги боюнча эскертүү берди. Мындай чечим суралган маалыматтардын сот тарабынан убагында берилбегенинен жана мындай көрүнүш төраганын ишинин натыйжалуулугу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо боюнча кооптонууну жараткандыктан кабыл алынды. Буга чейин Судьялар кеңеши жергиликтүү сотторго Кеңештин суроо-талаптары боюнча өз убагында маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн эскерткен, бирок Биринчи май райондук сотунун төрагасы бул практикада эреже бузууга жол берип, белгиленген мөөнөттө маалымат берген эмес. Ушуга байланыштуу судьялар Кеңеши келечекте мындай тартип бузууларды четтетүү жана маалымат берүү боюнча мыйзамдардын ченемдерин сактоо талабы менен аталган соттун төрагасына оозеки эскертүү берди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, судья Токтосун уулу Каныбектин ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча жана судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арызын канааттандырды.

Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Токтосун уулу Каныбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин резервдик курамынан Токтосун уулу Каныбектин ордуна жаңы мүчө болуп, Чүй облусунун Административдик сотунун судьясы Орозова Дамира Токтоналиевна шайланды. Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин чечими менен Орозова Д.Т. Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин Бюджеттик комиссиясынын курамына киргизилди.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамдын 8-беренесинин 10-пунктуна ылайык Судьялар кеңешинин резерви судьялардын курултайы тарабынан 15 мүчөдөн кем эмес курамда шайланат. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун гендердик жана региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен кезектүүлүккө ылайык Судьялар кеңешинин резервинде турган судья ээлейт.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...