KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп өттү

28 декабря 2024

2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны өтүп, күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


2024-жылдын 27-декабрында кабыл алынган Судьялар кеңешинин чечими менен «Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына электрондук талапкер тандоо» боюнча техникалык тапшырманын долбоору бекитилди. Бекитилген техникалык тапшырма аткарылышы үчүн «Адилет Сот» маалымат технологиялары башкармалыгына жөнөтүлдү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы мурда кабыл алынган чечимине өзгөртүү киргизилип, административдик-аймактык реформа алкагында жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык бирдиги көбөйтүлдү.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы менен өлкөнүн райондору менен шаарларынын чектери өзгөртүлгөн. Бул айрым административдик бирдиктердин аймактарынын кеңейишине алып келди. Бирок, жергиликтүү соттордогу судьялардын штаттык саны өзгөрүүсүз калган. Бул айрым аймактардын кеңейишине байланыштуу иштердин көлөмүнүн көбөйүшүнө жана иштин оорлошуна алып келди. Ушуга байланыштуу жергиликтүү соттордогу судьялардын штаттык бирдигин көбөйтүү зарылчылыгы пайда болду.


Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн милиция батальонунда иштеген кызматкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу күзөт кызматынын кызматкерлерин Ардак баракча менен сыйлады.


Төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:


— милициянын улук прапорщиги Молдалиев Азамат Жалиилович;


— милициянын прапорщиги Уразабаев Адылбек Жумалиевич;


— милициянын старшинасы Эркинбек уулу Рустам;


— милициянын старшинасы Адам уулу Тариэл.


Ар кандай маселелердин алкагында Судьялар кеңешинин ишин мындан ары өркүндөтүү жана жарандардын кайрылууларын кароо боюнча маселелер талкууланды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...