Бүгүн, 2026-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференц байланыш форматында өттү.
Жыйында Барыктабасова Эльмира Бектургановна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайлангандыгына байланыштуу, анын Бишкек шаардык сотундагы судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселе каралды.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине анын Бишкек шаардык сотундагы судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.
