KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү

11 января 2025

2024-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда 5-жылдын 2025-мартында өтө турган Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайын өткөрүүгө байланыштуу маанилүү маселелер талкууланды.


Отурумдун алкагында судьялар кеңешинин мүчөлөрүнөн тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова жана Сот департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы Курулуш Үсөналиев катышышты.


Эскерте кетсек, Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамдын 2-беренесинин 8-пунктуна ылайык Судьялар кеңешинин чечими менен үч жылда бир жолу судьялардын курултайы чакырылат, ал курултайды өткөрүүнүн күнүн, убактысын жана ордун белгилейт.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...