2026-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши кезектеги жыйынында Тартип комиссиясынын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулагандан кийин бир катар чечимдерди кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен:
• Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук банкынын өкүлүнүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы М.Д.Ага карата берген даттануусу канааттандырылды. Аталган судьяга тартиптик жаза катары эскертүү берилди;
• Чүй облусунун прокуратурасынын Сокулук райондук сотунун судьясы А.К.Зны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамасы канааттандырылды. Судьяга тартиптик жаза катары эскертүү берилди;
• Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Бишкек шаардык сотунун судьясы А.Т.Кга карата берген сунуштамасы жарым-жартылай канааттандырылды. Аталган судьяга тартиптик жаза катары сөгүш жарыяланды;
• Касымбаев Б.Тнын Ысык-Көл облустук сотунун судьялары А.З.М., А.Н.Ж. жана Д.Б.Жга карата берген даттануусу боюнча аталган судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартылды;
• Чүй облустук сотунун төрагасынын Панфилов райондук сотунун судьясы Ш.Р.А., Токмок шаардык сотунун судьясы М.Ш.Т., Ысык-Ата райондук сотунун судьялары Т.Н.Р. жана А.О.С., ошондой эле Жайыл райондук сотунун судьясы К.Ш.Тны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамасы канааттандырылган жок;
• Чүй облустук сотунун судьясы С.Ж.Сга карата тартиптик жоопкерчилик жөнүндө даттанууну кароо Судьялар кеңешинин кийинки жыйынына жылдырылды;
• Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ош шаардык сотунун судьясы С.Б.А. жана Ош облустук сотунун судьялары Д.А.А., А.Д.К. жана Д.М.Мга карата чыгарылган жеке аныктамасын кароо кийинки жыйынга жылдырылды.
Судьялар кеңешинин чечими менен Ош облустук сотунун судьясы Пирматов Каныбек Алимкановичтин 2026-жылдын 17-июлунда судья кызматында болуунун белгиленген эң жогорку жаш курагына жеткендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштама киргизилди.
Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарын эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берилди.
Мындан тышкары, Судьялар кеңеши жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштама киргизди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Ош облустук сотунун судьясы Пирматов Каныбек Алимкановичти судьялык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин «Сот тутумунун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйлоо тууралуу чечим кабыл алынды.
