Бүгүн, 2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда күн тартибиндеги бир катар маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүүгө макулдук берилди.
Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарын эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берилди.
Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосунун №1 Тиркемесине өзгөртүүлөрдү бекитүүгө макулдук берди.
Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешине келип түшкөн сунуштамалар каралып, айрым сот тутумунун кызматкерлерин жана жергиликтүү соттордун судьяларын Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынды.
Андан соң Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Супатаев Абдыкасым Супатаевичтин туугандарынын жана жакындарынын өтүнүчү боюнча Бишкек шаардык сотунун фойесине эстелик бюст орнотууга уруксат берүү тууралуу кайрылуусу каралып, ал канааттандырылды.
Белгилей кетсек, Супатаев Абдыкасым Супатаевич Кыргыз Республикасынын сот тутумунун калыптанышына жана мыйзамдуулуктун бекемделишине олуттуу салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана сот ишмери болгон. Ал 1946-жылдан 1967-жылга чейин СССРдин Жогорку сотунун мүчөсү жана анын Кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болуп эмгектенген. 1967-жылдын апрелинен 1974-жылдын августуна чейин Кыргыз ССРинин Жогорку сотун жетектеген.
