KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

22 сентября 2025

2025-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши өз чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине төмөнкү мүлктү алмашууга макулдук берди: Ош шаары, Алымбек Датка, көчөсү №318 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 4788,8 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси жана анда жайгашкан Ош шаардык сотунун имараттары — Ош шаарындагы, Алымбек Датка көчөсү №308 дарегинде жайгашкан, аянты 5300 чарчы метрди түзгөн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагындагы жер тилкесине алмашылат.


Аталган чечим 2024-жылдын 16-декабрында «Кыргызстройсервис» мамлекеттик мекемеси менен түзүлгөн №03-34/141 келишимдин негизинде жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштеринин милдеттенмелерин өткөрүп берүү эске алынып кабыл алынды.


Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө уруксат берилди. Ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. тарабынан жеке каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча берилген арыз Судьялар кеңешинин кийинки жыйынына жылдырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...