Бүгүн, 2025-жылдын 29-августунда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, Судьялар кеңеши бир катар чечимдерди кабыл алды:
— Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К.Асаналиевдин Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушу канааттандырылып, Кыргыз Республикасынын Президентине жогоруда аталган судьяны кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.
— Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.У.Каимовдун Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы М.Д.А.ны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунушун канааттандыруудан баш тартылды.
— Ош шаарынын прокурору Б.О.Сыдыгалиевдин Ош облустук сотунун судьялары А.Н.Т., У.Т.А., Д.А.А.га карата сунушун канааттандыруудан баш тартылды.
— «СААБ Строй» ЖЧКнын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы К.К.К. карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды.
Тоң райондук сотунун судьясы Г.Н.Абдинасировага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш жөнөтүлдү.
Э.С.Рыспекованын Бишкек шаардык сотунун судьясы Б.Л.А.га карата даттануусун кароо Судьялар кеңешинин кийинки отурумуна жылдырылды.
Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Судьялардын кеңешине келип түшүп, каралган сунуштар боюнча чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берилди.
Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.