KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

18 августа 2025

2025-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары — Кеңеш) кезектеги отуруму болуп өттү, анда Тартип комиссиянын баяндамаларын угуп жана корутундуларын талкуулап, Кеңеш бир катар чечимдерди кабыл алды, анын ичинде:


— Д.Уланбек кызынын Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы Ж.Б.Мге карата тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү арызы канааттандырылды, аталган судьяга сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду;


— Бишкек шаарынын прокурору К.Ж. Насиповдун Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы (учурда Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы) О.Ф.Ого карата тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү сунушун канааттандыруудан баш тартылды;


— Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Шерматов Миран Бакытбековичтин соттук ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2025-жылдын 14-августунда аяктагандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сунуштарын карап чыгып, Судьялар кеңеши өз чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды компенсациялоого макулдук берди. Ошондой эле, Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыевдин 2025-жылдын 14-августундагы сунушун карап чыгып, Кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы чыгымдар сметасынын чегинде №1, №2 тиркемелерге ылайык бекитилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...