KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

04 июля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, төмөнкү чечимдерди кабыл алды:



  • Кыргыз Республикасынын Президентине Чүй облустук сотунун судьясы Калыбеков Улукбек Жолдошовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштоо киргизилди;

  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Ш.М.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушу канааттандырылбай калды; ошол эле учурда, Судьялар кеңешинин чечими менен аталган судьяга карата эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду;

  • Баткен райондук сотунун мурдагы судьясы Т.И.Т.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу канааттандырылган жок;

  • Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун (мурунку Ош шаардык сотунун) судьясы Е.С.А.ны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Ош облусунун прокурору Ч.А. Акматовдун сунушу канааттандырылган жок;

  • Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы С.Н.К., Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Б.Н.Р. жана Бишкек шаардык Свердлов райондук сотун судьясы А.А.А. га карата берилген даттануулар канааттандырылган жок.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сунуштарын карап чыгып, Судьялар кеңеши өз чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды компенсациялоого макулдук берди.


Ошондой эле жарандардан жана мамлекеттик органдардан Судьялар кеңешинин дарегине келип түшкөн каттар, арыздар жана кайрылуулар каралды, бардык материалдар эске алынды, жооптор арыз ээлерине жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...