KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

13 июня 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 13 июнунда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды эки календардык жылдан ашык эмес мөөнөткө компенсациялоого макулдук берди.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин эл аралык кызматташтык жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Суюнов Данияр Унгарбаевичти Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу чечим кабыл алды.


Андан соң, Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...