KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

04 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин административдик соттордун судьяларын жана 2-инстанциядагы административдик коллегиянын судьяларын биргелешип окутууга багытталган комплекстүү окутуу программасын кайра карап чыгуу, ошондой эле «2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча Комплекстүү окутуу программасынын» административдик иштер боюнча блогуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карап, аны бекитүүгө макулдук берди.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыевдин жана Бишкек шаарынын прокурорунун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы, учурда Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы К. А.Ж., Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы, учурда Чүй облустук сотунун судьясы Т.М.А. карата сунуштары канааттандырылды. Судьялар кеңеши жогоруда аталган судьяларга карата сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза чарасын колдонду;


Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун төрагасы О.М.Э. жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;


Ысык-Көл райондук сотунун мурдагы судьясы М.А.О.  жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешинин төрагасы Аида Сейдакматова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттеги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жаркынбаев Бексултан Дабытбековичке Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишинде кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ардак грамотасын тапшырды.


Андан соң, Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...