KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп өттү

29 марта 2025

2025-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги төмөнкү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Күн тартиби боюнча биринчи маселе катары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун 2024-жылга карата бюджеттин аткарылышы жана аткарылган иштери боюнча маалымат угулуп, маалыматтар эске алынды.


Андан соң, бекитилген бюджетке ылайык, жергиликтүү соттордун имараттарын куруу жана капиталдык оңдоо боюнча Сот департаментинин 2025-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашырууга макулдук берүү каралды. Судьялар кеңешинин чечими менен аталган планды ишке ашырууга макулдук берилди.


Кийинки кезекте Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына катары киргизүү үчүн жаңы мүчөнүн талапкерлиги каралды. Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Арстанбаева Диляра Эркиновнаны Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине анын талапкерлигин бекитүү үчүн сунуш кылуу чечимин кабыл алды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана аткарылган иштери боюнча маалыматты угуу маселеси кийинки отурумга калтырылды. Ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу маселеси кээ бир жагдайларды тактоо үчүн кийинки отурумга калтырылды.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен  Жогорку сотунун, Сот департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө Судьялар кеңеши тарабынан 2025-жылдын 21-февралындагы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде сот тутумунун кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.


Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен сот тутумунун төмөнкү кызматкерлери сыйланды:



  • Топчубаев Мелисбек Убайдиллаевич — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын кадрдык камсыздоо секторунун башчысы;

  • Кожаналиев Таалай Ысакалиевич-Чүй облустук сотунун улук консультанты.


Судьялар кеңешинин ыраазычылык баракчасы менен төмөнкү кызматкер сыйланды:



  • Жээналиева Куткелсин — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кадрдык камсыздоо секторунун башчысы.


Судьялар кеңешинин төрагасы Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө карата иш планынын долбоорун сунуштап, иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча өзүнүн сунуштарын талкууга коюп, алар жыйында Судьялар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан кеңири талкууланды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...