KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

03 марта 2025

2025-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда төмөнкү чечимдер кабыл алынды:


Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына киргизүү үчүн талапкердин кандидатурасын карап чыгып, Судьялар кеңеши Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Суеркулов Эрлан Оморалиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөсү катары бекитүү үчүн көрсөтүү чечимин кабыл алды.


Сот системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII Курултайына карата сыйлыктарга сунуштар каралды.


Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун мурдагы судьясы А.О. Маматовго карата сунуштамасы кийинки отурумга жылдырылды.


 Ар кандай маселелерде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII Курултайына даярдык көрүү боюнча маселелерди карашты.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII Курултайы 2025-жылдын 5-мартында өтөт.


 


 


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...