2025-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отуруму болуп, анда бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы каралды.
Судьялар кеңеши докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 342-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,2 пунктарында каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун А.М.А. аттуу судьясын кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.
Андан соң Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы Дж.Н.Б. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы каралды.
Судьялар кеңеши докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө, 346-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 352-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Дж.Н.Б. аттуу судьясын кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышты.
Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2025-жылдын 5-февралында аяктагандыгына байланыштуу Акыев Каныбек Арзыбекович жана
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Ошондой эле Судьялар кеңеши Айтбаева Индира Мукашевнанын отставкадагы судья статусун ыйгаруу жөнүндө арызын карап, канааттандырды.
Жыйналыштын экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII курултайын өткөрүүнү уюштуруунун айрым маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйналыш өткөрүлдү.