2025-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отуруму болуп, анда бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьяларынын, судья А.Б. Абдураимовдун, А.Э. Кубатовдун жана У.М. Садырбековдун ээлеген кызматтарынан өз каалоосу менен бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыздарын канааттандырды.Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Бишкек шаардык сотунун судьялары А.Б. Абдураимовдун, А.Э. Кубатовдун жана У.М. Садырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Бекенов Туратбек Орозбаевичтин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттун судьясына квалификациялык класстарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII съездинин иш-чаралар планын талкуулашты.
Ар кандай маселелердин алкагында Судьялар кеңешинин ишин мындан ары өркүндөтүү жана жарандардын кайрылууларын кароо боюнча маселелер талкууланды.