2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Судьялар кеңешинин отурумунун биринчи жарымында Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин өкүлдөрү жана ЮСАИДдин «Укук Булагы» долбоорунун эксперттери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын кезектеги жыйынынын иш-чаралар планын талкуулашты.
Отурумга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басарлары — Джылдыз Рыскулова, Канат Осмонов, ЮСАИД «Укук Булагы» долбоорунун эксперттери катышышты. Отурумдун экинчи жарымында Судьялар кеңеши Максимбекова Дильбар Ибрахимовнанын ага отставкадагы судья статусун ыйгаруу жөнүндө арызын карап, канааттандырды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы Арзиев Ачылбек Муракимовичтин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2024-жылдын 30-декабрында аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди. Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды компенсациялоого макулдук берилди. Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешинин ишин мындан ары өркүндөтүү боюнча маселелер талкууланып, жарандардын кайрылуулары каралды.