2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Бишкек шаардык сотунун судьялары К.А.Т., Д.М.С. жана Б.С.И. карата жай аныктамасы каралды. Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, жогоруда көрсөтүлгөн судьяларга карата алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасын колдонуу тууралуу чечим кабыл алды.
В.Ц. Выйдын Бишкек шаардык сотунун судьясы Ч.А.М. карата даттануусун, Н.Ж. Жаныбековдун Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Б.Т.И. карата даттануусун жана Б.К. Чойбековдун Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрагасы Д.Ч.М. карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды.
Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Чүй облустук сотунун судьясы Т.А. Абдырашитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди.
Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды компенсациялоого макулдук берилди.
Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2025-жылга карата окуу планы сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бекитилди.
Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин кызматкерлери тарабынан «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо» аталыштагы Автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча техникалык тапшырма боюнча презентация өткөрүлдү.