KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

22 ноября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын мүчөлөрү толукталды.


Судьялар кеңеши Жалал-Абад облустук сотунун судьялары О.А. Тункатаровдун жана К.К. Эстебесовдун судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жана аларды ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө арыздарын карап, канааттандырды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Жалал-Абад облустук сотунун судьясы М.М.Кенжеевдин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу анын судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди.


Андан соң, Жалал-Абад облустук сотунун судьялары К.К.Э., М.М.К. жана Жалал-Абад облустук сотунун экс судьясы У.К.М. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы каралды.


Судьялар кеңеши докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 352-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн жогоруда көрсөтүлгөн судьяларды жана экс-судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине «Сот тутумунун кызматкерлерине ипотека жолу менен турак-жай берүү үчүн резервдик жана кезектүүлүк тизмесин түзүү жөнүндөгү» Жобону жаңылап иштеп чыгуу сунушу берилди.  «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесине сот тутумун санариптештирүү, «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иш-чараларын өз убагында аткаруу жана мамлекеттик органдарды АМС-2ге (Автоматташтырылган маалымат тутум-2) интеграциялоо жолу менен АМС-2нин ишин оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын сайттарын интеграциялоо жана иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү жоюу боюнча тапшырмалар берилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...