KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

18 ноября 2024

2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Н.К.Эсеналиевге, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы А.Ж.Калыбаевге карата Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин чара көрүү тууралуу актысын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьялары Т.К.Бакалбаев менен Т.К.Култаевдин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу алардын судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуштар киргизилди.


Судьялар кеңешинин чечими менен судьялардын курултайын өткөрүү датасы катары 2025-жылдын 5-марты белгиленип, аталган судьялардын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу сунуш Жогорку сотко жөнөтүлдү.


Судьялар кеңешинин буга чейинки отурумунда судьялардын ишине кесиптик баа берүү жана жумушчу топ түзүү маселеси талкууланып, кезектеги отурумда жумушчу топтун мүчөлөрү бекитилди.


Күндүн экинчи жарымында Судьялар кеңешинин отуруму Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А.Сатыевдин, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Н.А.Мусаевдин, Жогорку соттун аппарат жетекчиси С.А.Мыкыевдин жана Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Р.М.Мырзалимовдун катышуусунда уланды. 


Жыйындын жүрүшүндө Судьялар кеңешинин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана аны андан ары реформалоо боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иш-чараларынын натыйжалуулугунун негизги индикаторлору жана аны андан ары ишке ашыруунун жолдору аныкталды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...