2025-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү, анда Тартип комиссиянын баяндамаларын угуп жана корутундуларын талкуулап, Кеңеш бир катар чечимдерди кабыл алды, анын ичинде:
— Чүй облусунун прокурору А.Шукурбековдун Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы К.Э.Оге карата тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү сунушу канааттандырылды, аталган судьяга эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду.
Ошондой эле Судьялар кеңеши төмөнкү судьяларга карата берилген арыздар менен сунуштарды канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечимдерди кабыл алды:
- Бишкек шаардык сотунун судьясы Б.Л.А.;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы М.Н.Ж., Соттор кеңешинин чечими Бишкек шаардык сотуна ишти кароо мөөнөттөрүн бузуу фактыларын талкуулоо жана алдын алуу үчүн жөнөтүлөт;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясы Э.О.М.;
- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьялары М.Т.А. жана Д.Б.Б. (азыркы учурда Бишкек шаардык сотунун судьясы);
- Нарын шаардык сотунун судьясы О.С.Ы., Соттор кеңешинин чечими Нарын облустук сотуна талкуулоо жана мыйзамдардын сакталышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн жөнөтүлөт;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары Ж.К.Ч., М.А.Б.;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Т.Т.С., Соттор кеңешинин чечими Бишкек шаардык сотуна талкуулоо үчүн жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Талас шаардык сотунун судьясы М.Ч.С.нын тергөө органдарынын кызмат адамдары — Жумабаев А., Аденов Т.И. жана Эгембердиев А.нын аракеттерине текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү, ошондой эле ишеним көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу кылмыш ишин тергөөнү башка тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын талкуулап, аталган арызды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына текшерүү жүргүзүү, көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү жана судьянын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүү.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизилди.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе Ош шаарындагы жер тилкесин жана имаратты өткөрүп берүү маселесин кароо Судьялар кеңешинин кийинки отурумуна жылдырылды.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берилди.
Ар түрдүү маселелер боюнча Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, маалымат катары кабыл алынды, жооптор даректерге жөнөтүлдү.
