2025-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Судьялар кеңеши Талас облустук сотунун судьясы М.Э. А. нын отставкага кеткенине байланыштуу судьянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын канааттандырды. Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентине Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизилди.
«Судьялардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык судьянын ыйгарым укуктары кызматтан кетүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Отставкага кетүү судьянын жашына карабастан мүмкүн. Отставкага кеткен Судья отставкадагы судья статусуна ээ болот, анын наамы, кол тийбестигинин кепилдиктери жана судьялык коомдоштукка таандыктыгы сакталат. Статус мыйзамда белгиленген шарттар сакталган учурда сакталат. Статусту тариздөө жана токтотуу тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
Судьялар кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М. А. нын судьялык ыйгарым укуктарын өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты. Баш тартуунун негизи 2025-жылдын 14-февралындагы Кеңештин чечими менен Президентке аны убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизүү, ошондой эле ага карата кылмыш ишин козгоо болгон. Маселе кылмыш иши козголгондон кийин гана каралышы мүмкүн.