KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

09 декабря 2024

2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши тарабынан мыйзамдардын долбоорлору жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна коомдук талкууга чыгаруу максатында сайтка жайгаштыруу үчүн жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишине маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын 3.18-пунктун аткаруу үчүн субъективизмди минималдаштырып, судьяларды тандоодо коррупцияны болтурбоо үчүн «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесине Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоонун Автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча техникалык тапшырманы иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.


Судьялар кеңешинин чечими менен судьянын кызмат ордуна талапкерлерди тестирлөөнүн суроолорун инвентаризациялоо жана ага өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешинин ишин мындан ары өркүндөтүү боюнча маселелер талкууланып, жарандардын кайрылуулары каралды.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...