KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

23 января 2026

2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан судьялардын декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдөөнүн жана талдоонун натыйжасында аныкталган шайкеш келбөөчүлүк боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын корутундулары  кароого жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн келип түшкөн.


Судьялар кеңеши Тартип комиссиянын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен, тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздер жок болгондуктан, төмөнкү судьяларга карата тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартылды:



  • Чүй облустук сотунун судьясы А.А.А.;

  • Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы А.Н.М.;

  • Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун судьясы Ш.Р.А.;

  • Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы К.А.Т.;

  • Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Ж.К.С.;

  • Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун мурдагы судьясы М.Т.Т.;

  • Баткен облустук сотунун судьясы Д.М.М.;

  • Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун судьясы С.У.А.;

  • Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясы Ш.Д.Ж.;

  • Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы К.А.А.;

  • Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы Ж.Б.М.;

  • Талас облусунун Манас райондук сотунун судьясы Ж.Р.А..


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен төмөнкү судьяларга карата тартиптик жаза колдонулду:



  • Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы М.Ш.Т. — алдын ала эскертүү түрүндө;

  • Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы М.Б.Ш.— эскертүү түрүндө;

  • Талас облусунун Айтматов райондук сотунун судьясы А.И.А. — эскертүү түрүндө.


Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясына карата Кравченко С.А. жана Клименко Е.В. тарабынан берилген даттанууларды канааттандыруудан баш тартылды, анткени Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, аталган судьянын ыйгарым укуктары 2025-жылдын 15-декабрында беш жылдык мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу токтотулган.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...